"Мен ойлогондой болгон жок". Германияда эмгектенген кыргыз жигити менен маек

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын алкагында бул жолу Германияда эмгектенип жаткан 25 жаштагы Бостонбек Бабаев менен баарлаштык. Активдүү жашоо образын жактырып, максаттарынын артынан сая түшкөн кыргыз жигити чет өлкөдөн алган таасирлери менен бөлүштү.

Бостонбек Бабаев Баткен шаарында төрөлгөн. Үч бир туугандын улуусу. 9-класска чейин Баткен шаарында окуп, кийин Бишкек шаарындагы колледждердин биринде билим алган. 2023-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктаган. Азыркы кезде Германияда “Karls Erlebnis Dorf“ компаниясында иштейт.

Германияга болгон сапарыңыз тууралуу сөз кылсаңыз? Кандай жолдор менен, кайсы программа менен барып калдыңыз?

— Университетте окуп жүргөн учурларда эле Германияга жайкы жумуштар үчүн программаларга тапшырып келгем. Бирок алар ар кандай себептерден мага насип болгон жок. Ал эми 2022-жылы “Praktikum“ деген программа менен келип, бул жакта 9 ай практикамды өтөп кеткем. Былтыр окуумду аяктагам. Быйылкы жылы март айынан баштап “Karls Erlebnis Dorf“ компаниясында сатуу тармагында иштеп жатам.

Немис тилин өздөштүрүүдө сиз колдонгон методдор? Канча убакытта эркин баарлашып калса болот?

— Негизи менин тил үйрөнүүдө эч кандай деле өзгөчө методдорум жок. Эл катары эле. 2019-жылы борбордогу IWEX компаниясына барып, немис тилин үйрөнгөм. Анда күнүнө 20-25тен сөз, сүйлөм жаттайт элек. Ошол эле кезде ал тилде музыкаларды угуп, кино көрүү менен үйрөнгөм. Ал эми чет тилде эркин баарлашып калуу бул ар бир адамдын жөндөмүнө жараша болот чыгар. Менимче, 6 ай күнүнө практика кылуу менен эркин баарлашып калса болот деп ойлойм.

Кылган ишибизди сүйүшүбүз керекпи, же сүйгөн ишибизди жасашыбыз керекпи? Кайсы пикирге кошуласыз?

— Менин оюмча, бул кыска өмүрдө сүйгөн ишибизди жасап өтсөк аябай сонун болот. Бирок азыркы ааламдашуу заманында кээ бир финансылык көйгөйлөрүбүздү чечип, финансылык абалыбызды жакшыртуу максатында кылган ишибизди сүйгөнгө туура келип жатат. Себеби акча жашоодогу муктаждыктарды чечүү үчүн ролу чоң.

Жашоодо дем күч-күч берген, дайыма алдыга умтулууга түрткү болгон максатыңыз кандай? Максаттарды адамдарга айтса ишке ашпай калат деген пикирге кошуласызбы?

— Акыркы учурларда эл-жер көрүп, көп саякаттагандан кийин бул аалам ушунчалык кенен экенин түшүнүп жатам. Анда мындан дагы жакшы жашоо, күчтүү адамдар бар экенин көрүп, бул жашоодо жөн эле жашап өтүп кетпей, коомго пайдалуу болсок, зыяныбызды тийгизбесек деген максатым бар.

Максаттарды адамдарга айтса ишке ашпай калат деген пикирге ишенем. Бул нерсени түшүнгөндөн кийин акыркы учурларда максаттарым толук иштелип, жыйынтыгы чыкканга чейин бөлүшпөгөнгө аракет кылуудамын.

Алгачкы маянаңыз эсиңиздеби? Эмнеге коротконсуз?

— Ар бир адам үчүн жашоодо биринчи деген маанилүү жана эсте каларлык болуш керек. Биринчи студенттик күн, биринчи сүйүү, биринчи сыйлык, биринчи көргөн мегаполис жана, албетте, биринчи маяна.

Биринчи маянамды 2016-жылдын декабрь айында алдым окшойт. Колледжде 2-курста окуп жүргөндө Базарбай жана Сыймык деген досторум "окууга чейин (түштөн кийин окуйт элек) иштеп жатабыз, сен дагы биз менен иште" деп калды. Анан бир аз ойлонуп, макул болдум. Анда калаадагы кийим саткан дүкөндөрдүн биринде промоутер (акция кагазын таратуучу) болуп күнүнө эртең менен 9дан 12ге чейин иштеп жүрдүм. Жумасына бир жолу таратылган кагаздар менен кардарлардын санына жараша айлык берет эле. Ошентип биринчи жумада болжол менен 1000 сомдой маяна алгам. Кубанып достор менен майлаганбыз. Калганы өзүмдүн керектүү нерселериме жана тамак-ашыма иштетилсе керек эле. Менде ар дайым биринчи айлык алганда татуу сатып алган адат болуп калган ошондон бери.

— Германияда иш берүүчүлөр келишимде көрсөтүлгөн талаптарды так аткарышат бекен?

— Ооба, 100 пайыз так аткарышат. Мисалы, жумуш графигин, эмгек өргүү сыяктуу жумуш эрежелерин так сакташат. Бирок биз ага карабай кээ бир максаттарыбызга тез жетүү үчүн өзүбүздүн менеджерлер менен сүйлөшүп, келишимде көрсөтүлгөн сааттарды көбөйтүп, иштегенге аракет кылабыз.

— Сиз саякаттаган өлкө же шаарлардан кайсынысы өзгөчө жакты, эмнеси менен? Жакпагандары дагы болдубу?

— Ар бир өлкө, шаар өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен эсте калат. Мисалы, Щвейцария тоолору, табияты менен эсте калды жана жакты. Ал эми Чехиянын Прагасы чакан болгонуна карабай жайлуулук тартуулайт экен. Рим тарыхый жайлары менен жакты. Париж болсо Эйфель мунарасы менен көөдөндөн орун алды. Амстердамды болсо калаанын аралап өткөн дарыясы, велосипеддери менен эстейм. Барселона өзүнүн Камп Ноусу (стадион), Варшава имараттары, Мюнхен дүйнөлүк иш-чараларды өткөргөнү менен жакты.

Саякат учурунда шаарлардын кайсы бир нерселери жакпаган учур деле болгон жок. Бирок элестетүүлөр менен реалдуулук шайкеш келбей калган кез болду. Алсак, Милан шаарын көп нерселерди күттүм эле, бирок барганда мен ойлогондой болгон жок. Италиянын же Европанын башка шаарлары сыяктуу көптөгөн кызыктуу, тарыхый жерлери көп деп ойлогом. Бирок моданын шаары болгондуктан жалаң бренддердин дүкөндөрү: “Gucci“, „Zara“, „Prada“, „Louis Vuitton”, “Dior” бар экен.

Тапкан кирешеңизди финансылык сабаттуулукка саласызбы?

Буга чейин финансылык сабаттуулук боюнча курсттарды окуган эмесмин, бирок бир нече китептерди окуп, ютубдан бул боюнча видеолорду көрүү менен өзүмө керектүүлөрүн иргеп алам. Учурда аларды колдоном. Айта кетсем, айлык алганга канча бир пайызын үйгө, саякатка, "келечекке", күнүмдүк жашоого деп жазып, пландап алам.

— Туулган жерге болгон сагыныч болсо керек... Германиянын жарандары кыргыз эли жөнүндө эмнелерди билишет экен?

— Албетте, өлкөнү, андагы тойлорду, тоолорду сагындым.

Немистер Кыргызстан жөнүндө аз билишет. Бирок арасында ийне-жибине чейин билгендер да кездешет. Мисалы, Ошко чейин саякаттап келгендерди кездештирдик. Досторума Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" китебин алып келип бергендер дагы болду.

Бостонбек, маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Максаттарыңыз орундалып, ишиңизде ийгиликтер арбын болсун.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан