SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Кытайда Суцянь мамлекеттик университетинде (Suqian university) билим алып жаткан Ноорузбек Эркинбек уулу менен маектештик.
Учурда электрондук соода тармагында окуп жаткан мекендешибиз эл аралык тажрыйба топтоп, кыргыз жаштарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү көздөйт. Муну менен катар ал жакында Кытайда өткөн марафондо биринчи орунду алып, мелдеш тарыхында жеңүүчү болгон алгачкы чет элдик студент аталган. Алдыда анын билим сапары тууралуу сөз кылабыз.
Ноорузбек 1999-жылы 22-мартта Талас облусунун Айтматов районундагы Молдо Асан айылында төрөлгөн. Мектепти өз айылында 9-класска чейин бүтүрүп, кийин Талас районундагы кесиптик лицейге тапшырып билим алган.
— Ошол мезгилде спорт менен машыгып, чуркоо боюнча бир катар ийгиликтерге жетиштим. Бирок үй-бүлөлүк шарттардан улам, бир нече жылга Орусияга иштөөгө барууга туура келди. Ал жактан беш жыл иштеп, өзүмдү өнүктүрүүгө болгон максатымдын аркасында Кытайга келип, учурда жогорку билим алып жатам.— Учурда кайсы тармак боюнча билим алып жатасыз? Эмнеден улам бул тармакты тандадыңыз?
— Азыркы учурда электрондук соода (e-commerce) тармагында билим алып жатам. Бул тармактын келечеги кенен жана мүмкүнчүлүктөрү мол болгондуктан тандадым. Кызыгы, айрым учурларда кесипти эмес, кесип сени тандайт деп айтылат эмеспи, бул чындык. Электрондук соода — заманбап дүйнөдө эң керектүү адистиктердин бири.
— Кытайга кайсы программа менен барып калдыңыз?
— Кытайга ортомчу компаниянын жардамы менен кыска мөөнөттүү тил курсунан өтүү үчүн келгем. Алты айлык кытай тили курсун ийгиликтүү аяктап, 4-деңгээлден экзамен тапшырып өттүм. Андан кийин өз алдымча аракет кылып, университетке тапшырып, бакалавр программасы боюнча гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүн алдым. Учурда окуумду улантуудамын.— Соцтармактагы баракчаңыздан Кытайдагы марафондо кыргыз желегин желбиреткеңизди окуп калдым. Бул боюнча кенен айтып берсеңиз.
— Бул менин жашоомдогу унутулгус учурлардын бири болду. Марафонго катышуу тууралуу 14 күн калганда билдим. Мурун спорт менен машыкканымдан улам, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашым керек деп чечтим. Бирок акыркы беш жылда чуркоо боюнча мелдештерге катышкан эмесмин, андыктан бул кыйынга турду. Ошого карабастан, даярданып, мелдешти утуп чыктым. Кыргыз желегин көтөрүп, мугалимдерим жана студенттердин мени кубаттап турганын көрүү — өзүнчө сыймык болду. Мелдешке 3000ден ашуун студент катышканын жана бул мелдештин тарыхында жеңишке жеткен биринчи чет элдик студент болгонумду билгенде кубанычым эки эсеге өстү.
— Сиз көргөн Кытайда…
— Кытайды мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү деп эсептейм. Бул жакта билим алуу системасы, технологиялык өнүгүү, элдин меймандостугу жана жумушка болгон мамилеси таң калтырат. Бул өлкөдө билим алуу мен үчүн чоң сыймык жана мүмкүнчүлүк.
— Кыска убакытта чет тилин кантип өздөштүрсө болот?
— Эң башкысы — күн сайын тынымсыз практика. Тил үйрөнүүдө социалдык медиада башкалардын ийгиликтерин көрүп, өзүн салыштырып чөкпөш керек. Ар бир ийгиликтин артында көп эмгек жана убакыт турат. Тил үйрөнүүдө чыдамдуулук жана туруктуулук маанилүү.
— Алдыдагы беш жылга койгон пландарыңыз?
— Менин максатым — окуумду ийгиликтүү аяктап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү жана бизнес багытындагы көпүрө болуу. Жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү, эл аралык тажрыйбаны Кыргызстанга алып келүү менин негизги максаттарымдын бири.
— Эң сонун! Максатыңыз орундалышына тилектешмин. Маек үчүн ыраазычылык билдирем!