"Сагыныч ар дайым жүрөктө". Германияда эмгектенип жаткан Чыңгыз Абдиназаров менен маек 

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Германияда эмгектенип жаткан Чыңгыз Абдиназаров болмокчу. Каарманыбыз учурда жубайы Бегайым Рыспаева менен Германиянын Райне шаарында жашашат. Биз Чыңгыз менен маек куруп, Германиядагы жашоосу, билим алган окуу жайлары тууралуу кеп кылдык.

- Саламатсызбы? Эң алгач өзүңүздөр жөнүндө айтып өтсөңүз.

- Саламатсызбы? Атым Чыңгыз, келинчегимдин аты Бегайым. Мен 1998-жылы 16-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөм. Кийин ата-энемдин колуна Бишкекке келип, мектепти аяктагандан кийин Кыргызстан Эл аралык университетинин лингвистика факультетин бүтүрдүм.

Университетти аяктаган соң Германияга кесиптик окуу жайга тапшырып, бул жактан дагы окуумду ийгиликтүү бүтүп алдым. Учурда бул жакта эмгектенип жаткан жумушумдан мени филиал башкаруучу болууга даярдап жатышат.

Ал эми жубайым Бегайым 21 жашта. Ал азыр Германиянын Мюнстер шаарында жайгашкан Adolph Kolping Berufskolleg деген окуу жайда 2-курста тамак-аш өндүрүү боюнча билим алып жатат. Тамак-аштарга тиешелүү бардык нерсени жана Германиянын мыйзамдарын окуп, билимин тереңдетип жаткан кези.

- Эң сонун. Учурда Германияда жашап жаткан экенсиздер, ал жактагы жашооңуздар тууралуу сөз кылсак. Эмне үчүн Германия?

- Ооба, Германияда жашап жатканыма 4 жыл болуп калды. Эмне үчүн Германия десеңиз, биринчиден, Германия Европадагы эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Бул өлкө экономика, билим берүү, саясат, туризм, технология бардык жактан өнүккөн. Германияга келүүдөгү максаттарымдын бири – биздин өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүү. Мен Кыргызстанда жүргөндө чет өлкөдөн келген туристтерге гид, котормочу болуп Ысык-Көлдө иштеп тажрыйба алып, кийинчерээк өзүмдүн компаниямды ачкам. Андан кийин билимимди өнүктүрүү максатында Германияга келдим. Максаттарга жетүүгө аракет кылып, былтыр Берлинде өткөн эл аралык туристтик көргөзмөгө катышып келдим. Ал жактан өзүмө анализ кылып, идеяларды, өзгөчөлүктөрдү көрө алдым. Ушул жактан алган илим-билимибизди, үйрөнгөн жакшы нерселерибизди колдонуп өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсом дейм.

- Чет өлкөдө окуп же жашоо үчүн эң негизги нерсе тил эмеспи, тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

- Ооба, тил негизги нерсе, Кудайга шүгүр, мага тил үйрөнүү көп деле кыйын эмес. Биринчиден, кесибим боюнча англис, кытай тилинен котормочумун. Кыргызстан эл аралык университетинин лингвистика факультетин бүтүргөм деп айтып өттүм. Университетти аяктап, 8-9 айдай англис тилден жеке мугалим болуп иштеп көрдүм. Негизи чет тилге болгон кызыгуум 5-классымда башталган. Тил үйрөнүүдө өзгөчө деле ыкмаларым жок, бирок мен уккан нерсемди өзүндөй кылып сүйлөгөнгө аракет кылам, сөз айкашына жана грамматикага басым жасап үйрөнөм. Анан үйрөнүп жаткан тилимде ыр угам, текст окуп, диалог, фраза жаттап аны башка адамдарга айтып көрөм, алар түшүнүп реакция кылса, түшүндү деп өзүмчө сүйүнүп калам. Ошондой эле Google translate'ти дагы көп колдоном, ага сөздөрдү окуйм, эгер ал мен айткан сөздү түшүнсө, демек, башка адамдар деле түшүнөт деп ойлойм.

- Кыргызстанда билим алып, Германияда дагы билим алууну уланткан экенсиз, ал жактагы билим берүүдө кандай жакшы ыкмаларды көрө алдыңыз?

- Бул жакта окутуу системасы бизден такыр башкача. Биринчиден, бул жакта тапшырма берилбейт, экинчиден, ар бир студент бардык жактан эркин болот. Ошондой эле мугалимдер студенттер менен жеке бетме-бет сүйлөшөт, окуудагы жетишкендиктери же тескерисинче, студент жетишпей жатса алардын баарын жекече сүйлөшөт. Анан дагы ар бир өтүлгөн темага тест болуп турат, ошол аркылуу студент өтүлгөн материалды канчалык түшүнгөнү бааланат. Баалоо 1ден 6га чейин жакшы окугандар 1-2 алышат бул биздин 4-5 сыяктуу.

- Эми үй-бүлөлүк жашооңуздарга токтолсок. Чакан мамлекетти чет өлкөдө куруп, үй-бүлө менен жумушту, окууну чогуу алып кетүү кандай болуп жатат?

- Биз үчүн окуу, жумуш, үй-бүлө аябай тыгыз байланышта. Бош күндөрүбүздү пландап, башка өлкөгө же шаарларга барып келебиз. Чет өлкөдө баарын кайрадан нөлдөн баштап курат экенсиң, жоопкерчилик көбүрөөк. Бардык нерсе өзүңдүн кабыл алган тандооңо жараша жыйынтыгын көрсөтөт. Чындыгында, бардыгына убакыт тапса болот, окуп, иштеп, саякаттап, үй-бүлөгө дагы убакыт бөлүп дегендей.

- Чет өлкөдө жашоонун кыйынчылыктары деле болсо керек, алардын маданиятына, жашоо турмушуна айкалышып кеткенге канча убакыт кетти?

- Биз үчүн Германияга жаңы келгендеги кыйынчылыктар тил, батир жана документ жагы болду. Себеби бул жакта бардыгы немисче сүйлөшөт англисче сурасам немисче жооп берген учурлар болгон. Германия бюрократиялык мамлекет болгондуктан булар ар бир кылган ишиңдин кагазын, документин сурайт. Немистерден патриоттуулукту дагы үйрөндүк десем болот, булар менен сүйлөшүп калып, же англисче бир нерсе сурасаң немис тилинде жооп берет. Дайыма сөз башында "сураныч, немис тилинде сүйлөңүз, биз Германиядабыз" деп айтышат.

Ал эми толук түрдө ар ким ар кандай убакытта калыптанат. Жеке мага 1 жылдай кетти десем болот, андан кийин билинбей эле жашоо образың, мүнөзүң дагы окшошуп баштайт экен.

- Буга чейин Германияда сиз көргөн шаарлардын кайсынысы сизге өзгөчө жакты? Сизди таасирленткен шаарлар болдубу?

- Мени таасирленткен Берлин болду, анткени Берлинде тарыхый жерлер өтө көп. Мурда дүйнөлүк согуш жөнүндө китептен окугандарымды өз көзүм менен көрүп таң калдым, суктандым. Мисалы, Германия экинчи дүйнөлүк согуштан жеңилгенден кийин аны СССР, Америка жана Франция ГДР жана ГФР деп экиге бөлүп алгандагы курулган Берлин дубалы дагы деле сакталып турат. Ушул сыяктуу толтура кызыктар бар.

- Кыргызстанга барып, туризмге салым кошсом деп калдыңыз, биздеги туристтерди тосуу маданиятын кандай баалайт элеңиз, эмнелер жетишсиз деп ойлойсуз?

- Бизде дагы туризм тармагы өнүгүп келе жатканы кубандырат. Шарттардын жоктугу эле болбосо конок тосууда кыргыздардан эч ким ашпаса керек. Даараткана жана туристтердин толук эс алып кетүүсүнө жакшы шарт, кол жетимдүү баалар, аларды кызыктыруучу нерселер болсо дагы да сонун болмок деп ойлойм.

- Эми Германиянын эли, маданияты тууралуу дагы кеп кылсак... Ал жактын эли биздин өлкө жөнүндө эмнелерди билет экен?

- Ачык айтсам, биздин өлкө жөнүндө жаш муундар көбү билбейт, улуу муундун өкүлдөрү гана билбесе, көбүнүн маалыматы жок. Кыргызстан жөнүндө элестете дагы албайт, эч кандай ассоциация, элестетүү жок. Бизди бир көргөндө кытайлык же вьетнамдык деп ойлошот.

- Кыргызстанга болгон сагыныч болсо керек...

- Албетте, сагыныч ар дайым жүрөктө. Канчалаган шаарларда, кандай гана жерлерге барбайлы баары бир өзүбүздүн чаңы чыккан көчөлөрүбүздү сагынабыз. Бирок жашоо ушунусу менен кызык, ар бир көрүп жаткан күнүбүзгө Кудайга чексиз шүгүр.

- Чет өлкөдө билим алам, иштейм деген жаштарга эмне деп айтар элеңиз?

- Ар дайым тобокелге баруудан коркпогула демекмин. Болбой калса кантем, билбей калсамчы деп кыялыңарга жетүүдөн тартынып калбагыла, билбесеңер билесиңер, үйрөнөсүңөр, бул жашоо өзү үйрөнүү жана үйрөтүүдөн турат демекмин. Колуңардан келишинче эл-жер көргүлө, окугула, иштегиле, өскүлө. Чет өлкөгө чыгыш үчүн сөзсүз түрдө чоң акча керек эмес, эң негизгиси ниетиңер түз болсо аракетиңер от болуп жанып турса бардыгын кылса болот. Кудайдан көп дуба кылып, аракетин кыла бергиле, силер каалаган нерсеге жетмейинче токтобогула. Туура, кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок ошолор силерди жашоодо мыкты адам кылып тарбиялайт, чечкиндүү, жоопкерчиликтүү болуп дагы да өсөсүңөр.

Германияга келем деген жаштарга жол көрсөтүп, документ, окуу же жумуш боюнча колумдан келишинче жардам бере алам. Суроолор болуп жатса, менин Инстаграм баракчама (chyngyz_erkinbekovich) жазса болот, жардам бергенге аракет кылам.

- Эң сонун! Маек үчүн чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан