2013-жыл бир катар орчундуу окуялар менен коштолду. Саясат, коом, экономика, кримчөйрөдө болуп жаткан көрүнүштөр коомчулуктун көңүл чордонунда болду. Чек ара чыр-чатагы менен башталган жыл эки мамлекет чектешкен аймактын жашоочуларынын пикир келишпестиктери менен уланды. Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу, «Кумтөр» кенине байланыштуу митингдер айрым чиновниктерди кызматсыз калтырды.
5-январда Өзбекстандын Сох анклавынын жашоочулары Кыргызстандын Чарбак айылындагы чек ара постуна электр жарыгын киргизүү үчүн тургузулган электр мамыларын жыгып, 34 тургунду барымтага алып, кыргыз жарандарына тиешелүү болгон унааларды өрттөштү. Саясат талдоочулар окуя Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин жана органдардын чабалдыгын көрсөткөнүн белгилешти. Тийиштүү органдар мамлекеттик чек араны бузууга, жарандарды барымтага кармап кетүүгө жол бергени үчүн Улуттук коопсуздук жана Чек ара кызматтарынын дарегине кескин сындар айтылды. Сох окуясынын негизги себептеринин катарында анклавдын айланасына жайгашкан кыргыз айылдарында калктын аздыгы, инфраструктуранын абалы себеп болгону айтылды.
10-январда Бишкекте "Ата Журт" партиясынын камактагы үч депутатынын үстүнөн сот иши башталды. "Жогорку Кеңештин үч депутаты, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов 2012-жылы 3-октябрда Бишкектеги митингде бийликти басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2013-жылы 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга кескен. Мындай өкүмгө каршы болгон алар кийинки соттук баскычка, шаардык сотко кайрылышкан. Апелляциялык арызды кароодо Бишкек шаардык сотунун судьялары айыпталуучуларды сот залынан бошотту. Бул актоону көп узабай Жогорку Сот жокко чыгарды. Акыркы инстанциядагы соттук чечим 6-августта угузулуп, анда Биринчи Май райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылды. Ошентип, үч депутат 20-августта БШК тарабынан мандатынан ажыратылды.
12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарды. Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилди. Мурдагы президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-жетекчиси Сергей Слепченконун сөөгү 2009-жылдын 13-мартында күйүп кеткен машиненин ичинен табылган. Аларды сүздү деп эсептелген машиненин айдоочусу Өмүрбек Осмонов тирүү кармалып, айыпкер катары соттолуп, бирок 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин киши колдуу болуп өлгөн.
26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратып, "мүлкү конфискациялансын" деген өкүм чыгарды. Аны «2007-жылы Ысык-Көл облусундагы «Витязь» пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган, мындан мамлекетке 124 миллион сомдук зыян келтирилген», «Түндүк электр» ишканасын 136 миллион долларга сатууга аракет кылган» деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табышты.
9-апрелде кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаев Нарын шаардык соту Улуттук гематология борборунун кызматкерлери койгон «курч лейкоз» диагнозуна таянып мөөнөтүнөн мурда бошотту. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев 17-апрелде «Батукаев чет өлкөгө учуп кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген» деп айтып, ушул эле күнү кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазган вице-премьер 13-май күнү кайра кызматына кайтып келди.
3-майда Панфилов районунда "Манас" транзиттик борборуна тиешелүү КС-135 үлгүсүндөгү май куйган учак кыйрады. Окуя болгон күнү 14:30да "Манас" аэропортунан учкан транзиттик ташуу борборунун май куйгуч KC-135 учагы Кара-Балта шаарынын Чалдыбар районунда жоголгон деген маалымат тараган эле.
31-майда Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенин иштетүүгө каршы массалык нааразылык чыкты. Ысык-Көл облусундагы Саруу айылынын жашоочулары «Кумтөр» боюнча келишим жокко чыгарылсын, ишкана экологияга, элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө» деген дагы бир катар талаптар менен митингге чыгышып, аталган компанияга өтчү жолду 27-30-май күндөрү тосуп алышты. Мындан сырткары алар «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариевдин келүүсүн талап кылышкан. Жол тосууга 30-майда 1000ге чукул адам катышкан.
12-июнда абактан мөөнөтүн толук аткарбай качып кеткендиги үчүн Акмат Бакиев 5 жылга сырттан кесилди. Ал 2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь окуяларындагы баш аламандыктар боюнча күнөөлөнүп 7 жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев ден соолугуна байланыштуу жатак-абакка чыгып, ал жерден 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен эле.
20-июнга караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Сарыбай айылында чек арага жакын жерде өзбек чек арачылары Кыргызстандын 37 жаштагы тургунуна ок чыгарышкан. Бир ок тийген Бакыт Тагаев жакын жердеги кыргыз жаранынын үйүнө качып кирген. Артынан кууп келген кошуна чек арачылар 5 баланын атасы Бакытты ур-тепкиге алып, өзүн жоготкон кезде үй ээсинин көзүнчө башка аткан. Жөнөп жатып жөн кетпей, текшерүү үчүн дагы бир жолу ок чыгарышкан. Өзбек чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына кирип, бир кишини атып салышына нааразы болгондор Ош-Баткен жолунун Кадамжай-Кызыл-Кыя бөлүгүн бир канча убакытка жаап коюшкан.
23-июнда Аксынын «Жетизагара» чек ара бекетинде мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек чек арачысына кыргыз чек арачылары ок чыгарып жарадар кылышты. Кыргызстандын Чек ара кызматы аймакты күзөтүп жүргөн үч чек арачы өлкө аймагына мыйзамсыз кирип кеткен эки өзбек чек арачысын байкап калган. Аларды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган учурда эки тарап ортосунда жаңжал чыгып, өзбек чек арачылар ок чыгарганын билдирген. Атышуудан коңшу өлкөнүн чек арачысы ошол күнү каза тапты.
27-июнда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөөлөрдөн кийин Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Мурдагы акыйкатчы 20 күнгө жакын ачкачылык жарыялады. Анын ордуна Бакыт Аманбаев дайындалды.
9-июлда Коррупция боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 9-июль күнү өкүм окуду. Ага ылайык, борбор калаанын экс-мэри 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланмак болду.
22-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун борбору Кербен шаарынын жанындагы Унгар-Тоодо чыр чыкты. Анын чокусунда жайгашкан Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станцияга өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, анын такталбаган аймакта жайгашканын айтып, кайтарууга ала башташты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагынан 2-октябрда чыгып кетишти.
7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» ишканасына каршы чыккандар митинг маалында губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алышты. Нааразылыкка чыккандар облустук администрациянын алдында башаламандык уюштуруп, аталган ишкананын менеджеринен акча талап кылып камакка алынган балдарды абактан бошотууну жана “Кумтөрдү” улутташтыруу талабын айтып чыгышты.
20-ноябрда ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынды. Экс-спикер Ахматбек Келдибековго «коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту депутатты 19-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Аны колдоп Бишкекте, Ошто, Алайда бир катар чоң митингдер өттү. Митингчилер жол тосуп, депутатты коргоо кеңешин түзүштү. Аталган кеңеш Ош шаарынын борбордук аянтына боз үй тикти. Ахматбек Келдибековду бошотууну талап кылгандар ачкачылык жарыялап, абактагы депутаттын кайрылуусунан кийин ачкачылыгын токтотушту.
2-декабрь күнү Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органы тараткан маалымат боюнча, 2011-жылдын 3-октябрында Иса Өмүркулов жетектеп турган Бишкек мэриясы тарабынан «Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багынын чек арасын бекитүү жөнүндө» токтом чыгарылып, ага ылайык, сейил бактын аянты 14,22 гектарга (анын ичинде жеке адамдардын убактылуу колдонуусуна 3,0144 гектары бөлүнүп берилген) кичирейип кеткен. Жыйынтыгында сейил бакка тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү жалпы зонадан мыйзамсыз чыгарылган. 4-декабрда Иса Өмүркулов арыз жазып, ишин тапшырды. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Мурат Исмаилов дайындалды.
5-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовду кызматтан алды. ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүнөн кийин өкмөт башчы “Чектен чыкпай, өз милдетиңди мыйзам чегинде аткар” деп эскертүү берди. Шаар башчылыгын убактылуу жетектөө биринчи вице-мэр Алимжан Байгазаковго жүктөлдү. Камакка алынган ЖКнын депутатынын тарапташтарына Мелис Мырзакматовду колдогондор кошулду. Митингчилер менен жолугушуусунда Мелис Мырзакматов шайлоодон кийин кызмат ордуна келерин билдирди.
11-декабрда Жогорку Кеңеш "Кыргызгазды" сатууга макулдук берди. "Кумтөрдөн" кийинки чоң талкууну жараткан "Кыргызгазды" орусиялык "Газпромго" 1 долларга сатууну парламенттин 5-чакырылышынын депутаттары колдоп беришти. Катталган 97 эл өкүлүнүн ичинен 19у, 5 фракция лидеринин арасынан бирөө гана каршы добуш берди. Эл аралык макулдашуунун ратификациясы депутат Өмүрбек Текебаев сунуш кылган пункт менен кабыл алынды. "Кыргызгазды" сатып алган "Газпром" өлкөдөгү газ тармагына толук ээлик кыла албайт. Кыргызстанда газ куурларын тартып келүү менен башка өлкөлөрдөн да газ алуу укугу калды. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жыл. Бул мөөнөт аяктаганда Кыргызстан ишкананы өзүнө сатып алууга укуктуу.
23-декабрда кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке «Центерра голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлгөн жаңы келишим долбоорун сунуштады. Өкмөт башчы Кыргызстан финансылык милдеттенмелери жок бирдиктүү ишканада 50 пайыздык үлүшкө ээ болорун жана 2026-жылдан кийин “Центерра” кыргыз тарапка алтын казып алууну өткөрүп берерин айтты. 26-декабрь күнү Жогорку Кеңеште “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашуу долбоору талкууланды. Анда депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Мурадыл Мадеминов жакалаша кетишти.
24-декабрда экинчи инстанциядагы сот Көлбаевдин жазасын дагы 2 жыл 6 айга кыскартып, 3 жылга эркинен ажыратты. 2012-жылы «Манас» аэропортунан кармалган кримтөбөл Камчы Көлбаевге кылмыш иши козголгон эле. Ага «адам уурдоо», «бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү», «мыйзамсыз баңгизат сактоо» сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айып тагылып жаткан. Көлбаевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-октябрда 5 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Чечимге макул болбогон прокуратура шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында сот кримтөбөлдүн жазасын дагы кыскартты.
24-декабрда Москвада президент Атамбаев Бажы биримдигине кошулуу боюнча "жол картага" кол койгон жок. Москвадагы Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин отурумунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү алдындагы долбоору каралды. “Жол картасы” биримдикке кирүү алдында иш-чаралардын планы жөнүндө билдирүү менен чечим чыгаруудан турат.