Бүгүн, 29-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу ички каттамдарды тейлөө үчүн Канададан сатып алынган учактардын акыркысы май айында келерин билдирди.
Анын айтымында, Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына алынган 4 учактын экинчиси бүгүн, үчүнчүсү кийинки жылдын январында, төртүнчүсү майда келет.
"2025-жылдын май айынан баштап 4 самолёт бардык аймактарга учуп, элге толук кызмат кыла баштайт. 30 жылдан бери токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт. Азыр алардын баары самолётторду кабыл алууга даяр болду. И баса, келерки жылдары Токтогул аэропорту да оңдоодон өтүп, келечекте самолётторду кабыл алат. Өлкө боюнча кичи авиация жанданып жатат. Жакынкы аралыктарда кичи учактар үчүн илгерки "кукурузниктер" пайдаланган кичи аэродромдор иштей баштайт", - деп жазды Алагөзов.
Буга чейин эл аралык "Манас" аэропорту бүгүн канадалык DeHavilland Aircraft компаниясынан сатып алынган учактардын экинчиси келерин маалымдаган.
Белгилей кетсек, алгачкы учак Кыргызстанга 6-сентябрда алып келгенинген болчу.