Өлкөнүн ички каттамдары үчүн сатылып алынган учактардын алгачкысы "Манас" аэропортуна конду (видео)

Кыргызстандын ички каттамдары үчүн Канададан сатылып алынган учактардын алгачкысы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлап, видеосу менен бөлүштү.

Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-августта Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы канадалык компаниядан сатылып алынган Dash-Q8-400 үлгүсүндөгү учактар "Asman Airlines" авикомпаниясы тарабынан өлкө ичиндеги каттамдарга коюла тургандыгын айткан. Ошондой эле, жакын арада экинчиси, 2025-жылдын жаз айында үчүнчүсү келип кызмат көрсөтө баштайт.

Жаңы учак 06.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан