Ноябрдан тарта “Ынтымак Ордого” саякат токтотулат

Бишкектеги “Ынтымак Ордого” саякат 1-ноябрдан тарта токтотулат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынан кабарланды.

Маалыматка ылайык, анын себеби Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына байланыштуу.

"Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына карата 1-ноябрдан тарта “Ынтымак Ордого” саякат токтотулат. Бул жагдай жыйындын өтүшү менен байланыштуу", - деп билдирди мекеме.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-августтунда “Ынтымак Ордо” президенттик администрациянын ачылыш аземи болгон. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов аталган жайды каалаган жаран барып, ичин кыдырса болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан