Бишкектеги жаңы Ак үйдү качан, кантип көрүүгө болот? Расмий жооп 

Бүгүн, 2-сентябрдан баштап жарандар Бишкекте жаңы салынган "Ынтымак Ордого" барып, ичин кыдыра алышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Алагөзовдун айтымында, жаңы Ак үйгө бир учурда 20 адам киргизилет. Эгер адамдар болсо, анда күтүп турууга туура келет.

"Бүгүн, 2-сентябрдан тартып президенттин администрациясынын жаңы имараты – “Ынтымак Ордого” жарандардын экскурсиясы башталды.
Иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин өздүгүн тастыктоочу документ менен келип “Ынтымак Ордону” көрүп кетсеңиздер болот.
Бир учурда 20 мейман кирет. Алар атайын журналга катталып, кайра экинчи жолу кире албастыгын эскертебиз. Бул чара имаратты көрүүнү каалоочулардын көптүгү менен шартталган.
20 адам экскурсиядан чыккан соң кезектеги кийинки 20 адам киришет. Аларды коштоп, залдарды көрсөткөн кызматкер болот.
Экскурсия дүйшөмбүдөн ишембиге чейин. Ошондой эле сиздер барган учурда башка адамдар дагы келип, кезек күтүп турууга туура келиши мүмкүн. Буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп жазды Алагөзов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан