Бүгүн, 2-ноябрда 7 шаардагы калкты тейлөө борборлорунда
17-ноябрдагы шайлоо үчүн аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Белгиленгендей, аталган борборлор эртең менен саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштешет. Арыздарды кабыл алуу эртең, 3-ноябрда дагы улантылат.
- Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү, 2;
- Ош шаары, Т.Касымбеков көчөсү, 8г/1;
- Нарын шаары, В.Ленин көчөсү, 39;
- Жалал-Абад шаары, Барпы Алыкулов көчөсү, 1;
- Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 124;
- Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү, 33/1;
- Талас шаары, Дзержинский көчөсү, 28.
Аралыктан добуш берүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча 1255 ишеним телефонуна чалса болот.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. БШК шайлоого аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 5-ноябрга чейин узарткан.