Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 5-ноябрга чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда БШКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, 7 КТБда (ЦОН), 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт.
5-ноябрь саат 18:00гө чейин аралыктан добуш берүүнү каалагандар:
- каалаган аймактык же участкалык шайлоо комиссиясына (же убактылуу жүргѳн жериңиз боюнча же туруктуу жашаган жериңиз боюнча) кайрылуу керек;
- добуш берүүгө ниеттенген аралыктагы участкалык комиссияга кайрылуу керек;
- «Tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот.
Аралыктан добуш берүү үчүн Бишкектеги шайлоо участкаларынын даректери:
- Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көч., 547);
- Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик баатыр көч., 17);
- К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасы (А.Огонбаев көч., 242);
- А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көч., 167);
- К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (Ч.Айтматов пр., 27);
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (И.Ахунбаев көч., 92);
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (И.Раззаков көч., 51);
- Туризм академиясы (Чүй пр., 99);
- Калкты тейлөө борбору (Ч.Валиханов көч., 2).
Ал эми өлкө боюнча аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректери бул жерде.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.