Алмамбет Салиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун учурунда президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген Алмамбет Салиев 2025-жылдын 4-январына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди УКМКнын тергөөчүсүнүн арызын канаатандыруу менен 30-октябрда кабыл алган.

Буга чейин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шектелип, атайын кызмат тарабынан кармалган Салиев 4-ноябрга чейин каммакка алынганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылы 16-июнда дагы УКМК тарабынан "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кармалган. Ошол жылдын декабрь айында ал эч жакка чыкпоо тил катты менен үй камагына чыгарылган болчу.

Салиев президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына 2017-жылдын декабрь айында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгынын негизинде дайындалган. 2020-жылдын 20-октябрында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан