Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө президенттик аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин мыйзамсыз баюу фактылары УКМК тарабынан аныкталды. Алмамбет Салиев президенттик аппарат жетекчисинин орун басары болуп турганда жана мурдагы президенттин кызматына байланыштуу берилген артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббилдеген укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен. Ошондой эле Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде үчүнчү жактарга катталган өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырып болбогон мүлккө ээлик кылгандыгы аныкталды. Муну менен катар ал ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды, көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган. Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 16-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("мыйзамсыз баюу") фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Салиев президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына 2017-жылдын декабрь айында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгынын негизинде дайындалган. 2020-жылдын 20-октябрында ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынган. Ал 2-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси. 1983-жылдын 8-ноябрында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.