ӨКМ Нарында изделип жаткан өспүрүм кыз боюнча билдирүү таратты

Бүгүн, 8-ноябрда Нарын дарыясына секирип кеткен өспүрүм кызды издөө ишине 58 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, шаардык ӨКБ Куланактан баштап Учкун, Пионер, 8-Март айылдарына чейин Нарын дарыясын жээктеп издөө иштерин жүргүзсө, Ак-Талаа №47 ӨКБ Ак-Тал-Чаттан баштап Үгүткө карай издеп жатышат.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 17 жаштагы өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан