Бүгүн, 3-ноябрда Нарын дарыясына секирип кеткен өспүрүм кызды издөөгө 77 адам тартылды. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-ноябрда Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына өспүрүм кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Кечээ жалпы 87 адам (ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер) издөө иштерин саат 21:55ке чейин жүргүзгөн.
Кошумча маалымат берилет.