Дональд Трамп менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылды 

Америка тараптын демилгеси менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу The Washington Post гезити өз булактарына таянуу менен жазды.

Анда лидерлер Украинадагы жаңжалды талкуулашкан. Кабарларга караганда, АКШнын жаңы шайланган президенти АКШнын Киевди колдоого жумшап жаткан чыгымдарына тынчсыздануусун билдирип, Орусия учурда көзөмөлдөп турган аймактарды колдоорун кыйыткан.

Трамптын айтымында, дүйнө өлкөлөрү Украинадан бул жерлерди Орусияга берүүнү талап кылышы мүмкүн.

Президенттер ошондой эле Европа континентинде тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Ал эми Трамп Украина боюнча кийинки сүйлөшүүлөргө кызыкдар экенин кошумчалаган.

Буга чейин Трамптын кеңешчиси Украинага Крым жарым аралын унутууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан