АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамптын улук кеңешчиси Брайан Ланца жаңы администрациянын тушунда Вашингтондун максаты Украинада тынчтыкка жетишүү экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Украина буга чейин эле Крым жарым аралын жоготконун, эми Киев жарым аралды унутушу керектигин белгилеген.
"Эгерде Зеленский бизде Крым болгондо гана тынчтык болот десе, бул бизге олуттуу эмес экенин көрсөтөт", - деген Трамптын кеңешчиси британ телеканалына.
Ал Трамптын жаңы администрациясы Украина үчүн Крым жоголду деген принципте экенин баса белгилеген.
"Эгерде Украинанын максаты Крымды кайтарып алуу жана америкалык аскерлерди Крымды кайтаруу үчүн согушууга мажбурлоо болсо, анда өздөрү менен өздөрү гана алек болсо болот", - деген ал.
7-ноябрда Трамптын командасы украин чатагын токтотуу планын талкуулай баштаганы кабарланган. The Wall Street Journal өзүнүн булагына таянып жазгандай, планда согуш линиясы кандай чекке жеткен болсо ошол жерден токтотуп, анын боюнда демилитаризацияланган аймак түзүлүшү керектиги жазылат. Анын коопсуздугун ким камсыздай турганы азырынча белгисиз.