Сокулуктагы окуучунун өлүмү: 16 жаштагы бала 8 жылга эркинен ажыратылды 

Чүй облусунун Комсомол айылында 15 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелген 16 жаштагы бала 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-ноябрда облустук соттун басма сөз кызматынан ырастады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Сокулук райондук соту 6-ноябрда кабыл алган. Өспүрүм "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жазасын жалпы тартиптеги тарбиялык абактарда өтөмөй болду.

Эске салсак, сентябрь айынын башында 9-класстын окуучусу ур-токмоктон улам каза тапканы белгилүү болгон. Милиция 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултканын, ал каза болгон баланы ичке ургандыктан өспүрүм көз жумганы аныкталганын маалымдаган.

Алгач бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, кийин тергөөдө кылмыш иши "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренесине өзгөртүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан