Чүй облусунун Комсомол айылында 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-сентябрда облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Комсомол айылынын 9-классынын окуучусу каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталып, маркумдун классташтары милицияга жеткирилген. Сурак учурунда ошол эле күнү 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултканы, ал каза болгон баланы ичке ургандыктан өспүрүм көз жумганы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү караты 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала кармалган. Тергөөдөн кийин кылмыш иши "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренесине өзгөртүлүп, шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынган.
Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.