"Манас" улуттук академиясынын президенти болуп Азиз Биймырза уулу дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда академиянын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Биймырза уулу буга чейин Кыргыз улуттук "Манас" театрын жетектеген.