Кыргыз улуттук "Манас" театрынын негиздөөчүсү, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана "Даңк" медалынын ээси Азиз Биймырза уулу өз каалоосу менен директорлук кызматын тапшырды. Бул тууралуу аталган театрдын басма сөз кызматы билдирди.
Директор менен бирге орун басары, ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисинин ээси Шайырбек Абдырахман уулу дагы өз каалоосу менен кызматын тапшырды.
"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен Маданияттын мыкты кызматкери Нурбек Талантбеков Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Нурбек Талантбеков буга чейин аталган театрдын директорунун орун басары кызматын аркалап келген", - деп жазылды андагы билдирдүүдө.