Ажылардын формасына жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыкты

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылардын формасына жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Кечээ, 14-ноябрда өткөн сынакка муфтийдин орун басары жана Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы Жолдош Абдылдаев, УРШнын мүчөлөрү жана ишкерлер катышты.

Муфтияттан билдиргендей, быйылкы жылы сынакка эки ишкана катышкан.

"Конкурста УРШнын мүчөлөрү сынактын талабына ылайык, талапкерлер тарабынан сунушталган формалардын сапатына, кездемесинин курамына, коюлган нарктамага, ыңгайына, кийимдин тигилишине, дизайнына жана кийимдин өңү-түсүнө баа беришти", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, ажылык сапарга баруучуларды каттоо 7-октябрда башталган. Бул жылы Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан