Өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды

Бүгүн, 17-ноябрда өлкө боюнча 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо башталды.
Маалымдалгандай, кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлүн шайлашат. Шайлоо участкалары 8:00дө өз ишин баштаган, 20:00дө добуш берүү токтотулат.
Кыргызстандын жарандары 18 жаштан баштап шайлоого катыша алат.Өлкө боюнча жалпы 2437 добуш берүү участкасы бар.
Белгилей кетсек, буга чейин жашоо шартына байланыштуу шайлоо участкалардан тыш добуш берүүчүлөрдүн так саны айтылган. Ошондой эле көзү азиз жарандар үчүн Брайль арибиндеги бюллетендер жеткирилгендигин кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан