Өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн шайлоо комиссияларына 9538 арыз түшкөн. Бул туурасында бүгүн, 14-ноябрда БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2437 участкалык шайлоо комиссияларынын ичинен 1129 комиссия орун-жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууга тийиш.
"Улгайган курагына байланыштуу шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан - 3746, майыптыгы боюнча – 1979, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз келип түшкөн. Ошондой эле үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканаларда, стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпкер катары камакта кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан, мѳѳнѳттүү аскер кызматчыларынан 668 арыз келген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсеку, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтөт.