Адилет Абылбеков “Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкек мэриясынан маалымдашты.
Маалым болгондой, ал буга чейин мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштер бөлүмүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору болуп эмгектенген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Буга чейин мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп Бакыт Шеримбеков дайындалганын мэриядан кабпрлашкан.