Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгн, 19-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын кадрдык резервинен Бакыт Шеримбеков мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.