Ош облусундагы Өзгөн айланма жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирип, видеосу менен бөлүшкөн.
"Өзгөн айланма жолу облустун эң маанилүү жана кооз инфраструктуралык долбоорлорунун бири. Бул айланма жол Өзгөн шаарын айланып өтүп, транспорт кыймылын жеңилдетүү, жол коопсуздугун жогорулатуу жана автотыгынды жоюу максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 13,491 чакырымды түзөт. Анда Жазы дарыясынын үстүнөн өтүүчү 77,25 метрлик, ал эми Кара-Дарыядан өтүүчү 197,45 метрлик 2 чоң көпүрөнүн курулушу
каралган.
Айта кетсек, аталган жолду президент Садыр Жапаров мамлекет менен бирге эки жеке менчик компания да куруп жатканын, ал компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас да бар экендигин
айткан.