Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда быйыл январда башталган бул жолдун курулушу пландан алдыда экени маалымдалды. Учурда Жазы дарыясындагы 77,25 метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүткөнү калды. Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган тилкелеринде да иш активдүү жүргүзүлүп жатат.
Өкмөт башчы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштери менен жеринде таанышып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Андан соң Акылбек Жапаров Араван районундагы Көмүр брикет иштеп чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. 143,1 миллион сомго курулуп бүткөн заводдо учурда 15 адам иш менен камсыз болгон. Кубаттуулук жылына 130 миң тоннаны түзөт.