УКМКнын кызматкерлери Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Кыргызстандын АКШ менен Канададагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев 250 миң доллар талап кылган деген маалымат боюнча текшерүүнү жүргүздү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Аманбаевдин үстүнөн Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Бакытбек Аманбаев кармалган тууганынын маселесин УКМКнын төрагасынын байланыштары аркылуу чечип берүүнү убадалаганын билдирген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.нын тууганы менен Б. Аманбаевдин ортосунда өз ара карыз милдеттенмелери болгонун, башкача айтканда, Б.Аманбаев тарабынан опузалоо болбогондугу аныкталды. Учурда аталган 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты арыз ээсине кайтарылды.
Буга байланыштуу Б.Аманбаевге карата арыздануучудан каршы билдирүү түшкөн. Тактап айтканда, Б.Аманабаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок.
Учурда УКМК тарабынан арыз ээси Б.А.нын өзүнө карата кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча материалдар бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн материалдарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аны менен бир партияда болгон элчилердин бири коррупцияга шектелип жатканын маалымат жыйынында билдирген.