УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аны менен бир партияда болгон элчилердин бири коррупцияга шектелип жатканын маалымат жыйынында билдирди.
"Элчи 250 миң доллар пара алган. Мен аны камакка алышым керек. Бул киши менин партиялашым болгон, бирок мен эч кимди аябайм. Кудай сактасын, жакындарым, балам, бир туугандарым мыйзам бузушса, мен аларды түрмөгө отургузам. Бул менин принцибим", - деп баса белгиледи Ташиев.
Ал ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, коррупцияга айыпталгандардын баары абакка кесилерин кошумчалады.