Эртең, 26-ноябрда Бишкек шаарында белгилүү хирург Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнаты эртең саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда болот.
Кечээ, 24-ноябрда Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн кайтканы маалымдалган. Залкар дарыгердин бейнеси тууралуу шилтеме аркылуу окуй аласыз.