"Энемди оорудан арачалай албай калганыма өкүнгөм". Мамбет Мамакеевдин өмүр таржымалы, маектери

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнө салды. Залкар дарыгердин бейнесин окурмандарга сунуштайбыз.

Өмүр баяны

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган.

"Менин балалык кезим согуш учуруна туш келди. Аскерге жарактуулар майданга кетип жатышты. Азык-түлүктүн баары майданга жөнөтүлүп, эл өлбөстүн күнүн көрүп, араң жан багып жатты. Эгин айдоо, кой кыркуу, чөп чабуу жана башка иштердин баары жаш балдар, карылар, аялдардын моюнуна жүктөлгөн. Канчалык оордук келбесин балдар окууну таштабасын деген буйрук болгон. Калемсап жок, окуучулар карагаттан сыя эзип, эски китеп беттерине жазып окуп жүрдүк. Мектептен соң үйдүн иштерин бүтүрүп, анан колхоздун ишине жөнөчүбүз. Ал кезде Ысык-Көлдө апийим айдалчу. Апийим тилип да иштедик.

Атам согушка кетти. Үйдө үрүп чыгар итибизден башка эч нерсебиз жок, жадакалса чычкак улагыбыз жок кембагал элек. Терезеси жок 2 бөлмөлүү жаман тамда жашайбыз. Апам Батый 17 бала төрөп, андан тирүү калганыбыз үчөө элек. Бизди, туугандардын балдары болуп жалпы 10 адамды багуу апам менен үйдүн эң улуусу болгон менин моюнума жүктөлдү.

Жогорку класста колхоздун комсомол уюмунун мүчөсү элем. Жогору жактын буйругуна ылайык, 82 комсомолдон бирден тоок чогултуп колхозго өткөрүп, арабакеч болуп эгинди пристанга ташып иштеген күнүм да болду. Бир жылы огородго таруу айдап, үйдөгүлөрдү кийинки жайга чейин бактым.

Атам 2 жыл согушта жүргөндө 3 ирет кара кагаз келди. Бирок бир күнү өлдү деген атамдан кат келсе болобу. Катта атам “9 ай кат жазбаганымдын себеби колума ок тийип, башымдан жарадар болуп Смоленскидеги госпиталда жатам” деп жазыптыр. Майданда 2 ирет жарадар болгон атам 1945-жылы кайтып келип, колхоз жумушуна кирди. Атам Мамаке иш десе ичкен ашын жерге койгон, колунан кетмен түшпөгөн адам эле. Жыл бою эмгек акысына алганы – 2 центнер эгин. Кедеймин деп кейибеген, Кудай берет деген токпейил, момун адам эле.

Атам 93 жашында көз жумду, өмүрүндө бир дагы жолу башым деп төшөккө жаткан жок, дары ичкен эмес. Апам Батый 85 жашында көз жумду" деген маектеринин биринде дарыгер.

Мамакеев 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Ал Супер-Инфо гезитине берген маектеринин биринде медициналык окуу жайга тапшырган учурун мындайча эскерген.

"1946-жылы орто мектепти 10 бала бүтүрдүк. Сынак тапшырып жүргөн кезде бир орус киши келип “мединститутка ким окуйт?” деди. Мен окуйм деп жазылдым. Башка эч ким катталбады. Ошентип Фрунзеге жөнөмөк болдум. Эмгегим үчүн алган 2 араба чөптү сатып, жол киреге акча калтырып, калганына 1 шым, 1 көйнөк, бутума башмак алдым. Апам жүн байпак токуп берди. Фрунзеге келгенимде ысык, жүн байпак менен башмак бутумду тердетип кие албай калдым. Институтка бир ай жылаңаяк барып-келип жүрдүм", - деген.

Мамбет Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

"Мен клиникалык ординатор болуп иштеп, окуп жүргөнүмдө жетекчилер “элетте хирургдар жок, айылдарга барып иштеп келесиңер” дешти. Мени Түп райондук ооруканасына жиберишти. Ошентип дарылаганын дарылап, операция жасала турганына жасай баштадым. Бир күнү бирөөнүн сынган бутун гипстеп сыртка чыксам бир топ атчандар туруптур. Башына 2 тумак кийген эркек көзүмө шарт эле урунду. Тумагын алдырып көрсөм шилисинде экинчи баштай болуп шишик бар экен. Сурасам “ушунун айынан моюнум бурулбай калды. Башыма бир тумак батпай, эки тумак кийип жүрөм. Караколго барсам врачтар алууга болбойт дешти” дейт. Аты Асан экен. “Мага кел, операция кылып алып салайын” десем болбойт. Бирок 3 күндөн кийин келди. Жакшылап текшерсем май шишик баштай болуп чоңоюп өсүп кетиптир. Операция жасап шишикти алып, айыктырып чыгаргам", - деп дарыгер жумуш учурундагы кызыктуу окуясы менен бөлүшкөн.

Сыйлыктары

Мамбет Мамакеев 1973-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы" наамын алган. Ошондой эле Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган. 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы берилген. 1-2-3-даражадагы "Манас" ордендери ыйгарылган.

Дарыгер 2020-жылдын 29-февралында "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп убакыт иштеген (67 жыл 181 күн) хирург катары катталган.

Дарыгер маектеринин биринде: "Энем 83түн жашын жашап жатканда эмнегедир тамакты жакшы ичпей калды. Дароо эле билдим. Эртеси өзүмдүн ооруканама жаткырып текшердик. Андан кийин ашказанына операция жасап, түтүк кийирип, ошол аркылуу тамак бере баштадык. Алы кетип, арыктагандан арыктады.

Бир күнү түнкү сменде элем, аялым «тез кел, энем кыйналып жатат» деп калды. Чуркап барсам, деми кысылып дем ала албай жатыптыр. Көтөрүп балконго алып чыгып, кислород менен дем алдырдым. «Атаңды чакырт» дегенинен чакыртсам эртеси эле жетип келди. Атам келгенден кийин эле үзүлдү. Ошондо өзүмө, врач кесибиме таарындым, энемди сактай албаганыма кейидим. Эчен өмүрлөрдү сактап, мага өмүр берген энемди сактай албай мөгдөп калдым.
Айылга барганымда энем дайыма бир чыны суусун алып чыгып «түкүрүп койчу» деп башымдан тегеретип, чынысын эшиктин алдына көмкөрүп койчу. Акыркы жолу «койчу, эне, болбогон нерсеңди» десем, болбой артымдан ээрчип келип түкүрткөн эле. Кийинки жылы энем өлгөндөн кийин барсам, короодо кыбыр эткен бир киши жок, чынысын көтөрүп алдымдан чыккан энем жок. Заманам куурулду, көзүмө жаш айланды, сарайдын артына барып бир бакырып ыйлап алып эс алдым. Көрсө, энедей сени күткөн адам болбойт экен..." - деп айтканы бар.

2021-жылы май айында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Мамбет Мамакеевдин эстелигинин ачылыш аземинде дарыгер басып өткөн эмгек жолун айтып, адам ар дайым аракет кылса көксөгөн максатына жетерин кеп кылган.

"Мен шаарга "да", "нет" деген орусча сөздөрдү билбей келгем. Орусчаны 4-курска чейин жаттап окугам. Баарына Кудайга шүгүр. Мен албаган сыйлык калган жок. Мен жаш мекендештериме кайрылат элем. Адам кыла албай турган эч нерсе жок, ар дайым аракет кылыш керек", - деген ал.

Жеке жашоосу

Жубайы Сонумкан Чекирбаева экөө Канат жана Бакыт аттуу эки уулду тарбиялаган. Бакыт Мамакеев медицина илимдеринин кандидаты, Канат Мамакеев медицина илимдеринин доктору, профессору.

Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан