Белгилүү хирург Эрнст Акрамов эртең, 27-ноябрда жерге берилет. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Маалымдалгандай, Эрнст Акрамов менен коштошуу эртең, 27-ноябрда саат 09:00дөн 10:00гө чейин Опера жана балет театрында болот.
Андан кийин Ала-Арча көрүстөнүндө жыйын-реквием жана акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.
Белгилей кетсек, белгилүү хирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамов бүгүн, 26-ноябрда 88 жашында дүйнө салды.