Белгилүү хирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамов 88 жашында дүйнө салды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Бишкек (Фрунзе) шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, Республикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992-жылдан тартып Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.
130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Жаратылыш жана коом туурасындагы Эл аралык академиянын академиги. Эрнст Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты, ошондой эле спорттук гимнастика боюнча СССРдин Спорт чебери болгон. 2007-жылы 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
Хирургдун ысымы 2023-жылы Чүй облустук бириккен ооруканасына ыйгарылган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эрнст Акрамовдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.