Бишкек шаардык соту Султанбековдун апелляциялык арызын карады

Бишкек шаардык соту “Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы тууралуу аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда шаардык соттон маалымдашты.

Белгилей кетсек, 15-ноябрда Свердлов райондук соту саясатчыны 2025-жылдын 13-январына чейин камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Эске салсак, 14-ноябрда Султанбеков добуштарды сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан