Алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократтар” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, күбө катары “Социал-Демократтар” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа бериле тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.
Буга чейин “Социал-Демократтар” партиясынын лидерин ата-энеси жана жактоочусу 12 сааттан бери таппай жаткандыгын партиялаштары айытып чыгышкан.