ЭЛДИК КАБАР: Окурман Бишкектеги №2 оорукананын ажатканасына нааразы болду (видео)

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман Бишкек шаарындагы №2 оорукана имаратынын тышында жайгашкан ажаткананын кирдигине нааразы болду.

Ал бул жагдайга Саламаттыкты сактоо министрлигин көңүл бурууга чакырды.

"Кирүүгө мүмкүн эмес. Жакшы кылып өкмөт салып берет, булар карабайт. 1 жылдан бери тазалана элек го дейм. Урматтуу, Саламаттыкты сактоо министрлиги, муну карап койгула!" - деди окурман.

Белгилей кетсек, ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурмандардан мындай кайрылуулар көп келет. Алар калаадагы айрым базарлардагы дааратканалардын санитардык нормаларды сактабаганына нааразы болушат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкектин базарларындагы ажатканаларга мүнөздүү көрүнүштү сүрөттөгөн материал даярдаган. Анда базар ичиндеги ажатканаларга кирүү акысында айырмачылыктар, каралган шарттар талданган. Ошондой эле Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугат жолундагы тазалык жайларынын абалын дагы чагылдырган материал даярдалган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

02.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан