Буга чейин SUPER.KG порталы борбор калаадагы коомдук ажатканалардын абалын чагылдырып, көз жаздымда калып келген маанилүү көйгөйдү көтөрүп чыккан. Бул жолу Бишкек-Ош жолу сыяктуу аймактарды байланыштырган узун каттамдагы тазалык жайларынын абалын жеткирүүгө аракет кылат.




Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудан тартылган сүрөт. Бул ажаткана Бишкек тараптан туннелге кирип бара жаткан тарабында жайгашкан. Кирүү баасы 10 сом. Даараткананы иштеткендердин айтымында, ичин күндө жууп-тазалап турушат.



Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусундагы ажаткана. Даараткана кароосуз калгандыктан жүргүнчүлөрдүн бардыгы кире берет.



Кочкор жана Тоң райондорунун аймагындагы Кубакы ашуусундагы даараткана. Бул ажаткана дагы кароосуз калган.