Дональд Трамп Байдендин уулуна ырайым беришине реакция жасады

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп президент Жо Байдендин өз уулу Хантер Байденге ырайым кылганын сынга алып, муну "кызмат абалынан пайдалануу жана сот адилеттигин бузуу" деп атады.

"Жо Байден ырайым берген уулу 6-январда кармалган. Бир нече жылдан бери камалып тургандарга да берилет бекен? Бул кызмат абалынан пайдалануу жана сот адилеттигин бузууга жатат", - деп билдирген Трамп.

Президент Жо Байдендин уулуна ырайым бергенин айрым демократтар дагы туура эмес деп баалады. Колорадо штатынын губернатору Жаред Полис Байденди ата катары түшүнөрүн айткан. Бирок ал президент катары өзүнүн үй-бүлөсүн мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койбош керектигин жана кийинки президенттер дагы бул нерсени кайталашы мүмкүн экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Жо Байден күнөөлүү деп табылып, эки кылмыш иши боюнча өкүмдү күтүп жаткан уулу 54 жаштагы Хантер Байденге ырайым кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан