Жо Байден президенттиктен кетер алдында эки кылмыш иши козголгон уулуна ырайым кылды 

АКШнын президенти Жо Байден күнөөлүү деп табылып, эки кылмыш иши боюнча өкүмдү күтүп жаткан уулу Хантер Байденге ырайым кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Мен кызматка келген биринчи күнүмдөн тарта Юстиция министрлигинин ишине кийлигишпейм деп айткам. Мен сөзүмө турдум, уулумдун адилетсиз куугунтукталып жатканын көрүп турсам дагы", - деп билдирген Байден.

Сот 54 жаштагы Хантер Байденди 2018-жылы курал сатып алууда баңгизатына көз каранды экенин жашырганы үчүн күнөөлүү деп тапкан. Андан кийин өзү салык төлөөдөн качуу боюнча күнөөсүн моюнуна алган. Ал АКШнын тарыхында кылмыш жасаганы үчүн соттолгон президенттин биринчи уулу болуп калды.

Ал эми Жо Байден уулунун сотун "саясат менен булганган" деп атап, адилетсиз чечимдер менен аяктаганын ырастады.

"Мен бул чечимди кабыл алдым жана мындан ары кечеңдетүүнүн кереги жок. Америка эли эмне үчүн ата мындай чечимге келгенин түшүнөт деп үмүттөнөм", - деген Байден.

Белгилей кетсек, Хантер Байденге карата өкүм 16-декабрда чыкмак. Анда ал 2016-2019-жылдары 1,4 миллион доллар өлчөмүндө салык төлөөдөн качкандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан