"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун жакындары бүгүн, 4-декабарда жергиликтүү басылмаларга маалымат жыйын өткөрүп, президентке аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышты.
Анда ишкердин апасы Саипжамал Абдукаимова уулу негиздеген курулуш компаниясынын кийинки жетекчилеринин айынан үлүшчүлөр жабыркаганын билдирген. Ал эми Ташовдун иниси Азиз Ташовдун айтымында, компания үлүшчүлөрдү турак жай менен камсыз кыла аларын, бирок бардык мүлк камакта болгондуктан, ишке ашыруу мүмкүн болбой жатканын айтып өткөн.
Белгилей кетсек, Имамидин Ташов Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-апрелде билдирген.
30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.
Ал эми Ташовдун жактоочусу Самат Матцаковду 29-ноябрда УКМКнын кызматкерлери кармат кеткен. Алдамчылыкка шектелип кармалган Матцаков 30-декабрга чейин камакта калтырылмай болгон.