Жактоочу Самат Матцаков 30-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “алдамчылыкка” шектелип кармалган адвокат Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу аны колдоп барган укук коргоочу Эркина Мукаш Фейбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, сот саат кечки 22:00дөн таңкы 08:30га чейин болгон.

"Самат Матцаковдун соту түнү менен болду. Жыйынтыгында судья Миран Шерметов аны 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды", - деп билдирди укук коргоочу.

29-ноябрь түнү башталган сот процесси түнү бою жүрүп, чечим 30-ноябрь эртең менен жарыяланды. Соттун жүрүшүндө Матцаковдун кызыкчылыгын 30дай адвокат коргоп, алардын баары жараянга катышты.

Эске салсак, кечээ, 29-ноябрда эртең менен Матцаков УКМКга сурак берген. Ошондой эле анын батири атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан