Өлкө боюнча бардык бала бакчаларда балдардын коопсуздугу үчүн видео байкоолорду орнотуу пландалып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда бала бакчалардагы видео көзөмөл боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат.
"Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы ар бир облус, район, шаар, айыл менен байланышып, канча бала бакчада видео көзөмөл орнотулган, канчасында орнотула элек тактап жатышат. Видео байкоону колдонуу керек жана маанилүү болуп жатат. Анда ата-энелер жана жетекчилик балдар кандай каралып жатканын ар дайым карап турганга мүмкүнчүлүктөр болушу зарыл", - деген ал.
Ошонуну менен катар Жусупбекова Сузак районундагы бала бакчалардын биринде балдардын сабалышы боюнча окуяга комментарий берип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын, ал бала бакчага психологдор тобу жөнөтүлгөнүн айтып өттү.
"Психологдордун тобу Сузактагы бала бакчага жөнөп кетти. Ошол жерге барып, терең талдоо жүргүзүш керек, себептерин аныктоо зарыл. Башка бир дагы бала бакчада мындай окуя кайталанбаш керек. Бул жагдайды үстүртөн эле карап койгон болбойт. Учурда кадр тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек экенин талдап жатабыз", - деген Надира Жусупбекова.
Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерге кол көтөргөнү боюнча маалымат тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу айтылган.