"Оозуңду жап". Сузак районундагы балдар бакчада тарбиячылар балдарды урган видео тарады (видео)

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде тарбиячылар балдарды уруп жатканда тартылган видео социалдык баракчаларга тарады. Социалдык баракчанынын колдонуучулары окуя Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кежетай" балдар бакчасында болгондугун айтышууда.

Тасмалардын биринде наристе ыйлап жатканда, тарбиячысы колунан тартып жаакка чаап жибергенин байкоого болот. Ал эми дагы биринде тамактанууга камынып жаткан учурда балдардын бири ыйлап, аны тарбиячысы бут кийим менен чаап жатканын көрүүгө болот.

Азырынча расмий тараптардан маалымат бериле элек. Ал эми социалдык баракчалардын колдонуучулары тарбиячыларга катуу жаза берилиши керектигин айтышууда.

Бала бакчадагы окуя
Бала бакчадагы окуя 02.12.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан