Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповго карата тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө ылайык кызматынан убактылуу четтетилди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Жетекчинин милдеттин убактылуу аткаруу Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун салык кызматынын башчысы Кыдыкбек Кыдыровго жүктөлдү.
Башка буйрук менен Министрлер кабинетинин төрагасы Исламбек Кыдыргычовду Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотту.
Белгилей кетсек, 6-декабарда Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 20-декабрга чейин камакта камакка алынган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги айтылууда.
Буга чейин Бишкектеги салык кызматтарында тинтүү иштери жүрүп, 4 жетекчи кызмат адамдары кармалгандыгы айтылган.