Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов 20-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабарда УКМК Салык кызматынын башчысын жана анын орун басарын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендигин аныктап, кармагандыгы айтылган.
Буга чейин Бишкектеги салык кызматтарында тинтүү иштери жүрүп, 4 жетекчи кызмат адамдары кармалгандыгы айтылган.