Журналист Адыл Акжол уулу камактан бошотулду

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу камактан бошотулганын Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-декабрда сот "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренесинин 2-бөлүгү "Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу" жана "Опузалап талап кылуу" беренесинин 1-бөлүгү "Жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен, бирөөнүн мүлкүн, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо менен опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон Акжол уулунун ишин тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотуп, камактан бошотуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин райондук сот журналист айыпталып жаткан "Массалык башаламандыктар" беренеси "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренесине алмаштырылганын жана камактагы мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылганын тастыктаган.

Эске салсак, Адыл Акжол уулу "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталып, 2 айга камакка алынганы 12-августта белгилүү болгон. Ош облустук милициясы 3-сентябрда анын үстүнөн "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Журналисттин жактоочусу анын кармалышына ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу даярдаган материалы себеп болгонун ЖМКлардын бирине айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан