Адыл Акжол уулуна тагылган айып өзгөртүлүп, камактагы мөөнөтү узартылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылып, ага тагылган айып беренеси өзгөртүлдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, журналист айыпталып жаткан "Массалык башаламандыктар" беренеси "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренесинин 2-бөлүгүнө "Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу" алмаштырылган.

Ошондой эле райондук соттон ага тагылган дагы бир айып, "Опузалап талап кылуу" беренесинин 1-бөлүгү "Жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен, бирөөнүн мүлкүн, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо менен опузалап талап кылуу" өзгөрүүсүз калганын кошумчалады.

Акжол уулунун жактоочусу Назик Ажымаматова алмаштырылган берене боюнча ЖМКлардын бирине лингвистикалык экспертиза "анын сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык жок" деп тыянак чыгарганы себеп болгонун билдирген.

Буга чейин анын камактагы мөөнөтү 4-ноябрга чейин узартылган болчу.

Эске салсак, Адыл Акжол уулу "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталып, 2 айга камакка алынганы 12-августта белгилүү болгон. Ош облустук милициясы 3-сентябрда анын үстүнөн "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Журналисттин жактоочусу анын кармалышына ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу даярдаган материалы себеп болгонун ЖМКлардын бирине айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан