Абхазия, Орусия жана Армениядан мыйзамсыз келген 300гө жакын унаа айып короого токтотулду (видео)

Өлкөгө мыйзамсыз кирген 300дөн ашык унаа айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абхазия, Орусия жана Армения өлкөлөрүнүн номуру менен жүргөн унаалар текшерилип, 300дөн ашуун унаа айып короо жайына токтотулган.

"Чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүү уланып жатат", - деп билдирди мекеме.

Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз унаалар көчөдө жүрбөшү керектигин жана Кыргызстанда жүргөн оң рулдуу чет элдик номурлуу унаалар үч этап менен легалдаштырыла турганын айткан.

Чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүү уланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан