"Мыйзамсыз унаалар көчөдө жүрбөшү керек". Камчыбек Ташиев Армения менен Абхазиядан келген унаалар боюнча үн катты

Кыргызстанда жүргөн оң рулдуу чет элдик номурлуу унаалар үч этап менен легалдаштырылат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ташиев бул боюнча бүгүн эле "Ынтымак Ордодо" чогулуш өткөргөнүн, чогулушта жаңы маалыматтарды алганын айтты.

"15 миңдей унаа мыйзамсыз экен. Тетик катары алып келишкен, башы башка унааныкы, ортосу башканыкы, аягы башка унааныкы. Келген унаалардын 90 пайызынын документи жок. Каяктан алып келди, кимдин унаасы? Легелдаштыруу деп криминалдаштыруу кылып алышыбыз мүмкүн.

Анан булар алып келип эле "өкмөт баары бир мыйзамдаштырып берет" деп жатышат. Бир дагы мыйзамсыз унаа көчөлөрдө жүрбөшү керек. Себеби алар көчөлөрдө жүрүп, такси кылып, канчалаган адамды инвалид кылып жатышат", - деди Ташиев.

Ташиев ошондой эле Армения менен Абхазиядан алынып келинген унаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты.

"Биринчи этапта документи барларды карап чыгалы деп жатабыз. Экинчи этапта техникалык жактан жакшыларын комиссия менен карап чыгабыз. Анан легалдаштырбай турган унаалар дагы бар. Аларды же тооккана кылышат же алып чыгып кетишет. Мен мыйзамды буза албайм", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев Армения менен Абхазиядан келген унаалар боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан