Кыргызстандын балбан кызы, спортчу Айсулуу Тыныбекова буга чейин өз сүйүүсүн тапканын билдирип, күйөрмандарына сүйүнчүлөгөн. Ал эми учурда түгөйлөр Алматы шаарында Love Story'ге тартылып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу спортчу айым Инстаграм баракчасында сүрөт, видеолор менен бөлүшүп жатат.
Ошону менен катар Тыныбекова тартылуу иштерине жардам берип жүргөн жакындарына ыраазычылык билдирип өткөн.
"Силердин мага кылган жардамыңарга рахмат. Өзгөчө күнүмдө жанымда болуп, колдоо көрсөткөнүңөргө ыраазымын", - деп билдирүү калтырган.